Мелис Тургунбаев «Кыргызмунайгаздын» төрагасы болду

23 ноября 2020, 13:05

Мелис Тургунбаев «Кыргызмунайгаз» ААКсынын башкы башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.

Мындай чечим директорлор кеңешинин 20-ноябрь күнү өткөн отурумунда кабыл алынган.

Буга чейин Тургунбаев «Кыргызмунайгаздын» директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген. 2013-2017-жылдар арасына директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.