«Менин үйүм 2021-2026» долбоору менен 50 миң үй-бүлө турак жайлуу болот

5 мая 2023, 15:33

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу курулуп жаткан көп кабаттуу батирлердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, бул аймакка көп кабаттуу үйлөрдөн, мектеп жана бала бакчадан турган турак жай комплексин куруу пландалууда. Өкмөт башчы кыргызстандыктарды турак жай менен камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында 50 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.