Мэр: Бишкекте беткапсыз жүргөндөр 5 миң сомго чейин айып пул төлөшөт
Бишкекте беткапсыз жүргөндөр айып пул төлөшөт. Бул тууралуу брифингде Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.
«Санитардык стандарттарды бузууга өзгөчө көңүл бурулат. Шаарда беткапсыз жүргөн жарандарга 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салынат», — деп айтты Суракматов.