Бишкек мэриясы Ататүрк паркын реконструкциялоону активдештирет

20 октября 2021, 17:45

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин башкы катчысы Фахри Солак менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоору боюнча кызматташууну активдештирүүнү талкуулашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, жолугушууда Биримдикке мүчө шаарлар менен Бишкек шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү талкууланды. Түрк кеңеши, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши - азыркы түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм, анын негизги максаты мүчө мамлекеттердин ар тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.