Былтыр Жалал-Абадда ондой долбоор жүзөгө ашырылды

19 апреля 2024, 10:37

2023-жылы Жалал-Абад облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков билдирди.

Бул бөлүнгөн акчага 10го жакын долбоор ишке ашты. 

“Акча жолдорду, мектептерди, ооруканаларды жана башка объектилерди курууга жана оңдоого жумшалды. Мисалы, 7 көчө реконструкцияланды, сейил бактар, ирригация оңдоодон өттү жана кинотеатр курулду ”, - деп кошумчалады ал.