Мэриянын казынасына ижарачылар 4 млн сом карызын төгүп беришти

3 декабря 2020, 14:45

Борбордук муниципалитетке ижарачылар  4 млн 185 миң сом карыздарын төлөп беришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Мэриядан белгилешкендей, 2005-жылы «Лаза» компаниясы 22.6 миң квадрат метрди түзгөн жерди ажарага алган. Бирок, кардар келишимдин шарттарын бузуп, муниципалитетке эч кандай төлөм жүргүзгөн эмес. 

Жыйынтыгында, муниципалитет сотко кайрылган. Сот чечимди мэриянын пайдасына чечип берди.