Мэрия акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды уюштурууга жеке өнөктөш издейт

5 июля 2022, 14:30

Борбор калаа муниципалитети жеке өнөктөш менен биргеликте Бишкекте автоматташтырылган акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгынын алкагында маалым болду.

Мэрия шаарга автоматташтырылган унаа токтотуучу жайды түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун демилгелегени айтылууда.

"Жеке өнөктөштү тандоо боюнча сынактын документтери даярдалып, МЖӨ борборуна жөнөтүлдү", — деп белгиледи мэриянын басма сөз кызматы.

Учурда тендердик комиссияны түзүү процедурасы башталды.