Мэрия шаардын унаа токтотуучу жайларынын заманбап системасын түзөт

20 сентября 2021, 14:30

Бишкек шаарынын мэриясы жакынкы аралыкта борбор калаадагы унаа токтотуучу жайлардын системасын модернизациялоо боюнча иштерди баштоого ниеттенүүдө.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул системаны, биринчи кезекте, шаардын көчөлөрүндө иштеп жаткан муниципалдык унаа токтотуучу жайларда, базарларда, сейил бактарда, эл көп чогулган жерлерде ишке ашыруу пландалууда.

"Келечектеги унаа токтотуучу жайлар аппараттык жана программалык комплекстерге негизделген заманбап системалар менен жабдылат, бул оператордун катышуусун кыскартат. Натыйжада шаардагы бардык унаа токтотуучу жайлар иретке келтирилип, шаар тургундары заманбап, таза унаа токтотуучу жайларга ээ болушат", - деп жазды мекеменин басма сөз кызматы.

Бул маселени тез арада чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясында жумушчу топ түзүлүп жатат.