Бишкек мэриясы алты курулуш компаниясына айып салды

20 марта 2024, 09:44

Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы алты курулуш компаниясына айып пул салды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, “Элит Хаус” ЖЧКсына жер кыртышын бузгандыгы үчүн 17 миң сом айып салынган. Курулуш таштандыларын уруксат берилбеген жерлерге ташыгандыгы үчүн “Элас-Курулуш” ЖЧКсына 23 миң сом, "Делмар Групп” ЖЧКсына 30 миң сом айып салынган. “Аренд Строй Сервис” ЖЧКсына тиричилик таштандыларын чыгаргандыгы үчүн 17 миң сом айып салынды. Жолдун жолдорун булгап, жер кыртышын бузуп жаткан “Центр Азия Инвест Курулуш” ЖЧКсы жоопкерчиликке тартылды. Инспекторлор 23 миң сомго протокол түзүшкөн. Ал эми бордюрду бузуп, бактарды кыйып, зыян келтиргендиги үчүн “Макро Констракшн” ЖЧКсы курулуш компаниясына 40 миң сом айып тагылды. 

“Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы шаар боюнча күн сайын рейддерди өткөрөт. Жарандарга, юридикалык жана жеке жактарга, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлерине шаарда тазалыкты жана тартипти сактоо зарылдыгын эскертебиз”, - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.