Мэрия: Санитардык нормаларды сактабаган коомдук жайлар айып пулга жыгылат

27 июля 2021, 09:30

Бишкек мэриясы эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн айыпка жыгыла турган мекемелердин тизмесин жарыялады.

Беткаптардын жоктугу, дезинфекциялоочу килемдер, антисептиктер, социалдык аралыкты сактабагандыгы жана кызматкерлердин ден-соолугунун абалы боюнча реестри жоктугу үчүн айрым мекемелерге айып пул салынышы мүмкүн, атап айтканда:

  • коомдук тамактануу түйүндөрү: "Тамшан", "Ашлянфу", "Ин Лаваш", "Поварешка", "Изюм", "Евразия", "Печки-Лавочки", "Ходжа Насреддин", "Микаса", "Халил", Beef burgers, "Нишан", "Адиш-Ата", "Шайын Апа", "Бухара Ассорти", "Буржуй", "Covallo cofee", "Deli Team";
  • гипермаркеттер: "Народный", "Глобус", "Шекер", "Фанат", "Глобал", "Арена" компьютердик клубдары жана "Li-Ning", "Плюс", Euforia ("Бишкек Парк"), "F7" (Детский мир) дүкөндөрү;
  • "Партнер KG", "Ринго Трейд", "Медсервис KG", "Фармстор", "Бимар", "Детский Мир KG" компаниялары бар.

Ошондой эле, "Берен Голд" соода борбору дагы мыйзам бузуучулардын тизмесине кирет.