Бишкек мэриясы үч мектепти жана «Айданек» борборун оңдойт

12 мая 2022, 15:00

Бишкек мэриясы борбор калаадагы үч мектепти жана бир жашы жете элек балдардын реинтеграциялоо борборун оңдоону көздөп жатат. Тиешелүү тендердик табыштама мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы No11, 51, 16 орто мектептерин жана "Айданек" улуттук илимий-изилдөө борборун оңдоого 10 млн 201,2 миң сом жумшоону пландап жатат. 

Бул суммага төмөнкүлөр кирет:

  • №11 орто мектептин жылытуу системасын жана жуунучу жайларын оңдоо - бюджет 5 млн 468,4 миң сом;
  • №16 орто мектептин шифер чатырын оңдоо - бюджет 2 млн 840,3 миң сом;
  • Айданек ЦРНДны оңдоо — бюджет 1 млн 423,6 миң сом;
  • №51 орто мектебинин асфальт төшөлүшүн калыбына келтирүү – бюджет 468,9 миң сом.