Бишкек мэриясы 13 млн сомго тез жардам унаасын сатып алды

18 ноября 2020, 11:05

Бишкек мэриясы алты тез жардам унаасын сатып алды. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Атайын унаалар Virage компаниясы тарабынан 13,7 млн ​​сомго жеткирилген, каражат шаардык бюджеттен каралган.

Машиналар бардык керектүү медициналык диагностикалык жабдуулар, электрокардиографтар, небулайзерлер жана дары-дармектерди сактоочу чемодандар менен жабдылган.

Азыр шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин автопаркынын балансында 54 унаа бар, анын ичинен 13 автоунаа эсептен чыгарылышы керек, андан тышкары 8 атайын унаа тез жардам борборунда каттоодо турат.

Кошумчалай кетсек, күнүнө орто эсеп менен 34 тез жардам бригадасы сапка чыгат.