Бишкек мэриясы ооруканаларды оңдоого 7 млн сомдон ашык каражат сарптайт

13 мая 2021, 15:00

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш департаменти эки үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун (ЦСМ) жана бир шаардык оорукананы оңдоо үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 7 миллион 538 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырма боюнча биринчи шаардык клиникалык оорукана жана No12 жана 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору оңдолот. 

Кошумчалай кетсек, No1 шаардык клиникалык ооруканага 3 миллион 923 миң сом сарпталат.