Бишкекте ишкерлер менен бизнес жолугушуу өтөт

30 марта 2023, 13:13

Бишкекте ишкерлер менен бизнес жолугушуу өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттин сайтында жазылды.

Маалым болгондой, иш-чара 5-апрель күнү саат 10:00дө Ленин районунун акимчилигинде уюштурулат.

Жыйын жеңилдетилген насыялоо, чарба жүргүзүүчү субъекттерге кепилдик берүү жана башка маселелер менен таанышууга арналат.

Иш-чарага кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жана Кепилдик фондунун өкүлдөрү катышат.