Мэрия балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө убактылуу турак жайдын ачкычын тапшырды

4 ноября 2021, 09:53

Бүгүн, 4-ноябрда борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Турак-жай балдарга убактылуу пайдаланууга берилип жатканы маалым болду.

Кошумчалай кетсек, былтыркы жылы да муниципалдык бийлик тарабынан ата-энесиз алты бүтүрүүчүгө убактылуу турак жай берилген.