Бишкек мэриясы жашыл зонага унаа токтоткон айдоочуларга айып пул салууда

21 марта 2024, 08:27

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы Патрулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте рейддерди жүргүзүп, унааларды мыйзамсыз токтоткон айдоочуларга айып пул салууда. 

Маалыматка караганда, Свердлов районунун эки көчөсүндө эле бир күндө 38,5 миң сомго жашыл аймактарга унааларды токтотуу боюнча жети протокол түзүлдү.

Кошумчалай кетсек, рейддер күн сайын жүргүзүлөт.