Шаардык мэрия мектептерге эмерек алуу үчүн 10 млн сом жумшайт

10 марта 2021, 17:00

Шаардык мэриянын билим берүү бөлүмү эмерек жана мектепке жабдыктарды алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашылды. 

 

Тендердин жалпы суммасы 10 млн 734 миң сомду түзөт. 

Тендерди уткан компания эмерек, компьютер, интерактивдүү панел жана китептерди алуусу керек. 

Кошумчалай кетсек, каражаттын басымдуу бөлүгүнө эмерек сатылып алынат.