Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте 200 автобус каттамга чыгат

27 июля 2021, 13:00

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов 31-августта борбор калаада бир күндө 200 автобус каттамга чыгарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, маалымат жыйынынын жүрүшүндө айтты.

Мэрдин милдетин аткаруучу учурда линияда 50 автобус бар экендигин жана дагы 40 автобус автопаркта турганын айтты.  Маалым болгондой, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата каттамга чыга турган 200 автобус күйүүчү май менен жүрөт.