Каракол мэриясы COVID-19 илдети менен күрөшүүгө 5 млн 980 миң сом бөлдү

7 июля 2020, 09:15

Каракол мэриясы COVID-19 илдети менен күрөшүүгө 5 млн 980 миң сом бөлдү. Бул тууралуу чечим 6-июлда Каракол шаардык кеңешинде кабыл алынды. Бул каражат медициналык мобилдүү топторго жеке коргонуучу каражаттарын, кычкылтек концентраттарын, медициналык тез жардам автоунааларына күйүчү майлоочу май жана медициналык коргонуу каражаттарын алууга жумшалат.
 

Алсак, облустук бириктирилген ооруканасында 2 ИВЛ аппараты жана 10 кычкылтек концентраты иштейт.