Мэрия мыйзамсыз курулуштарды мыйзамдаштырууну пландоодо

4 ноября 2022, 10:44

Бишкек мэриясы бардык мыйзамсыз курулуштарды мыйзамдаштырууну көздөп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын муниципалдык менчик жана жер пайдалануу боюнча вице-мэри Нурлан Орунтаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкектин төрт районунда 9582 мыйзамсыз курулуш бар. Алардын жарымынан көбү мыйзамдаштырылууга тийиш. Калган мыйзамсыз курулган үйлөр көрүстөндөрдүн, таштанды таштоочу жайлардын жана башка корголуучу аймактарда жайгашкан.

Мындан ары мэрия санитардык полигондун жана Чоң-Арык көрүстөнүнүн жанындагы үйлөрдү мыйзамдаштыруу иштерин жүргүзөт.