Мэрия парковкаларда акы төлөбөгөндөргө айып салууну сунуштады

13 декабря 2023, 10:00

Бишкек мэриясы парковкаларда акы төлөбөгөндөргө айып салууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Муниципалитеттен белгилешкендей, унааны башаламан токтотуу шаардагы чоң көйгөйлөрдүн бири. Маселени чечүүнүн бир жолу акылуу парковкаларды киргизүү.

Бирок мыйзам чегинде парковка үчүн акы төлөбөгөндөргө чара көрүү механизми жок. Андыктан, жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сомдон айып салуу сунушталып жатат.

Белгилеп кетсек, мындай укук кимге бериле тургандыгы документте жазылган эмес.