Мэрия эки миң чарчы метрден ашык жерди ижарага берди

17 августа 2021, 12:30

Мэриянын жер ресурстары башкармалыгында жеңил типтеги объектилер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине ижара укуктарын берүү боюнча комиссиянын пландуу жыйыны өттү.

Анын алкагында жалпысынан 87 суроо каралып, анын ичинен 56 ижара келишими түзүлгөн. Ижарага берилген участоктордун жалпы аянты 1817 чарчы метр болуп, ижара суммасы 393,6 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, ири ижарачы менен жалпы аянты 261,2 чарчы метр 175 миң сомдук эки ижара келишими түзүлгөн.