Коомдук жайлардагы тамеки тартуудан бир млн сомдон ашык каражат жыйналды

25 ноября 2022, 14:52

Быйыл Бишкектин Октябрь жана Ленин райондорунда уруксат берилбеген жерлерде тамеки чеккендиги үчүн ишканалардан 1 миллион 345 миң сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын сайтында маалымдалды.

Ленин району боюнча 2022-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы 312 миң сомго протокол түздү. Ал эми Ленин райондук ички иштер башкармалыгы 243 миң сомго протокол түзгөн.

Октябрь району боюнча 2022-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы тарабынан 741 миң сомго, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 249 миң сомго протоколдор түзүлгөн.

“Рейддик иш-чаралар “Жарандардын ден соолугун тамеки чегүүнү, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана экологиялык тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.