Мэрия ижарачылардан карыздарын 1-июлга чейин төлөөнү суранууда

3 июня 2021, 11:35

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгы жерди пайдалануучулардан ижара акысын өз убагында төлөөнү жана ушул жылдын 1-июлуна чейин болгон карыздан кутулууну суранат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан ушул күнгө чейин жер участокторун ижаралоо боюнча алты келишим токтотулуп, 6.0205 гектардан ашык жер муниципалитетке кайтарылган.

38 соттук териштирүүдө Бишкек шаарынын мэриясынын пайдасына 437 млн ​​сом суммасындагы доолор канааттандырылган. Эгер ижара акысы убагында төлөнбөй, ижарачылар карыздан кутулушпаса мекеме төмөнкүдөй кадамдарга бара тургандыгын эскертти:

"Ижара төлөмдөрү боюнча карыз төлөнбөгөн учурда, жетекчилик сот чыгымдарын төлөтүү, мүлктү камакка алуу, жер участокторун пайдалануу укугун токтотуу боюнча милдеттенмелерди жүктөө менен сот органдары аркылуу карыздарды өндүрүү боюнча чараларды көрүүгө ниеттенүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.