Мэриянын кызматкери тарабынан мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлдү

11 февраля 2022, 13:57

Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын эки кызматкерине карата айыптоо актысын бекитип, кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш жасаган деп айыпталууда.

Текшерүүдө аталган ишкананын кызмат адамдары жеке материалдык кызыкчылыктарды көздөп, финансылык-бухгалтердик документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен жүргүнчү автобустарынын айдоочуларынан күн сайын түшкөн акча каражаттарын ишкананын кассасынан системалуу түрдө чыгаруу жана ыйгарып алуу схемасын уюштургандыгы аныкталган.

"Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, ишканага жалпы суммасы 5 млн 288 миң 500 сом зыян келтирилген. Тергөөдө көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлгөн”,- деп айтылат маалыматта.