Текстиль жана тигүү ишканасы биржада 100 млн сом инвестиция тартты

7 декабря 2022, 11:20

Кыргызстанда "Текстиль Транс" компаниясы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү программасынын (USAID) ишкердикти жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү долбоорунун колдоосу менен облигацияларды Кыргыз фондулук биржасына жайгаштыруу аркылуу 100 миллион сом суммасында инвестиция тартты. Бул тууралуу USAID билдирди.

Маалым болгондой, инвестиция Токмок шаарында жылына 12 миң тонна була өндүрүү кубаттуулугу менен пахтаны кайра иштетүүчү фабриканын курулушуна багытталат.

"Буланы өндүрүү процесси калдыксыз, пахта майы жана шротка сыяктуу кошумча продуктулар өндүрүлөт. Бул өндүрүш 300 жумуш ордун түзөт", - деп белгиледи USAID.

Белгилеп кетсек, "Текстиль Транс" Кыргызстанда төрт фабрикасы бар эң ири текстиль жана тигүү ишканаларынын бири.

"Бешинчи фабриканын аркасында компания пахта отургузуудан баштап даяр тигүү өндүрүшүнө чейинки өндүрүш циклин толук өздөштүргөн Кыргызстандагы биринчи текстиль жана тигүү кластери болот", - деп билдирди USAID.