Баткендеги күрөң көмүр кени аукционго коюлду

30 апреля 2021, 17:29

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Баткен районундагы күрөң көмүр кенин сатууну көздөп жатат. Аукциондун шарттары агенттиктин сайтында жарыяланган.

Ошентип, аукционго геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн үч жер коюлду. Жалпы баштапкы баасы 3,3 миң долларды түзөт.

Аукцион 2021-жылы 7-майда Баткен шаарында, Баткен облусунун аймактык мамлекеттик администрациясынын имаратында болот.