Жамгыр тоо-кенинде 10 тонна алтындын запасы бар

8 января 2021, 16:45

Жамгыр тоо-кенинде 10 тонна алтындын запасы бар. Бул ишкананын минимум 5 жылга иштөөсүнө шарт түзөт. Бул тууралуу алтын кенге болгон иш сапарында премьер-министрдин м.а. Артем Новиков билдирди. 

 

 

Ал белгилегендей, кенди иштетүү потенциалы менен экономикалык борборлорду түзүү аркылуу аймактын өнүгүүсүн камсыз кылуу керек. Ал эми ишкананын иштөө мөөнөтү бүткөндөн кийин, аймактын экономикасы туруктуу бойдон калууга тийиш.

«Фабрика ишке кирген күндөн тарта бир гана өндүрүштүн көлөмү өспөстөн, республикалык бюджетке, өнүктүрүү фондуна салыктын көлөмү дагы бирдей өсөт», — деп жыйынтыктады Новиков.