Банктар аралык соода доллардын арзандашы менен ачылды

19 октября 2022, 09:31

Кечээ, 18-октябрдагы банктар аралык валюта аукционунда коммерциялык банктар 11 миллион 400 миң доллар сатып алышты. Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.

Соодалар доллардын наркынын 0,6%га, 82,5 сомдон 82 сомго чейин төмөндөшү менен ачылды. Сооданын жабылуу курсу 82,2 сомду түздү.