Банктар аралык соода доллардын 0,51% өсүшү менен жабылды

7 октября 2022, 09:17

Кечээ, 6-октябрда банктар аралык валюта аукциондорунан коммерциялык банктар 1 миллион 300 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Алардын ичинен 650 000 доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 650 000 доллары бүтүм түзүлгөн күндөн башка күнгө эсептешүү менен сатылып алынган.

Соодалар АКШ долларынын курсу менен ачылып, 80,29 сомду түзсө, күндүн акырына карата америкалык валюта 80,7ге чейин көтөрүлдү.

Эскерте кетсек, Улуттук банк 24-июндан бери валюта рыногуна чыга элек.