Банктар аралык соода доллардын өсүшү менен жабылды

3 ноября 2022, 09:17

Кечээ, 2-ноябрда Кыргызстандын комбанктары банктар аралык валюта аукциондорунда 14,4 миллион доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Келишим түзүлгөн күнү эсептелген сумма 6 миллион долларды түздү. Ал эми келишим түзүлгөн күндөн башка күнгө эсептелген сумма 8,4 миллион долларды түздү. Жалпысынан 14,4 миллион доллар сатылды.

Соодаларда доллардын баасы 83,55 сом менен ачылса, жабылышта америкалык валютанын баасы 83,6 сомду түздү. Акыркы жолу бир айдын ичинде доллардын баасы банктар аралык соодада 13-октябрда ушундай чекке жеткен.