Банктар аралык соода доллардын арзандашы менен жабылды

15 марта 2023, 09:19

Коммерциялык банктар 14-мартта банктар аралык валюта аукциондорунда 11 миллион 130 миң доллар сатып алышты. Мындай маалыматтар күнүмдүк соода статистикасында келтирилген.

Анын ичинен банктар 7 миллион 160 миң долларды бүтүм жасалган күндөгү эсептешүү менен, дагы 3 миллион 970 миң долларды бүтүм жасалган күндөн башка эсептешүүлөр менен сатып алышкан.

Белгилеп кетсек, соодада доллардын курсу 0,01%га төмөндөп, 87,41 сомго чейин аяктаган.