Банктар аралык валюта соодасы АКШ долларынын курсунун өсүшү менен аяктады

15 марта 2022, 09:27

Кечээ, 14-мартта коммерциялык банктар банктар аралык валюта рыногунан 7,6 млн доллар сатып алышты.

Соода доллардын наркы 104,92 сом деңгээлинде ачылды. Бирок, соода сессиясынын жабылышына карата курс 0,07%га жогорулап, 105 сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, өткөн аптада коммерциялык банктар банктар аралык валюта тооруктарында  32 млн 70 миң доллар сатып алышкан. Валютанын орточо сатуу курсу 101,5 сомду түздү.