Банктар аралык валюта аукциону өткөн жок

14 декабря 2022, 09:06

Кечээ, 13-декабрда банктар аралык валюта аукциону өткөн жок. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ валютасына суроо-талап 82,63% төмөндөгөн.
Америка валютасынын аукциондогу баасы 6-декабрдан бери өзгөрүүсүз 84,95 сомду түзүүдө.