Банктар аралык соода доллардын төмөндөшү менен ачылды

25 июля 2022, 11:46

Коммерциялык банктар 22-июлда банктар аралык валюта аукциондорунда 3,3 миллион доллар сатып алышты. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Соодалар доллардын курсунун 79,7 сомго чейин төмөндөшү менен ачылса, мурунку, 21-июлдагы соода 80,5 сом менен жабылды.

Валюта аукционунун жабылышына карата америкалык валюта кайрадан кымбаттап, 80,5 сомго чыкты.

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күнгө карата доллардын расмий курсу 79,7593 сом деп белгиленген.