Банктар аралык соодада валютага суроо-талап эки эсеге кыскарды

12 мая 2022, 12:09

Кыргызстандын коммерциялык банктары 11-майда банктар аралык валюта аукционунда 1 миллион 850 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Бүтүм жасалган күнү эсептешүүлөрдүн суммасы 700 000 АКШ долларын түздү, ал эми бүтүмдүн датасынан айырмаланган күндөгү эсептешүүлөр менен 1 150 000 долларды түздү.

Доллар 82,5-82,52 сомдун чегинде сатылып жаткан. Ошентип, соода доллардын баасы 82,5 сом менен ачылса, сооданын жабылышына карата америкалык валютанын баасы 82,52 сомго чейин көтөрүлдү. Өсүш 0,02%.

Белгилей кетсек, 10-майда банктар аралык соодада банктар 3,7 миллион доллар сатып алышкан. Муну менен 11-майда валютага суроо-талап эки эсеге кыскарган.