Банктар аралык валюта тооруктары АКШ долларынын өсүшү менен аяктады

18 мая 2021, 10:04

17-майда банктар аралык валюта соодасында коммерциялык банктар АКШ валютасын 11,2 миллион долларга сатып алышкан.

Соода-сатыктын ачылышында АКШ долларынын курсу 1 долларга 84 сомду түздү, бул мурунку күнгө салыштырмалуу 0,7% төмөн. Бирок сооданын жабылышына карата чет элдик валюта көтөрүлүп, натыйжада аукцион 1 доллар үчүн 84,413 сом курсу менен аяктады.

Эске салсак, жалпысынан май айынын башынан бери банктар аукциондо 55 миллион 750 миң долларга валюта сатып алышкан.