Кыргызстан жыл башынан бери тышкы карыздын 31,3% жапты
Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматы боюнча, ушул жылдын 1-январына карата Кыргызстандын эл аралык камдары консолидацияланган тышкы карыздын 31,3% жапты.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 3,5 пайыздык пунктка көбөйгөн.
Белгилей кетсек, тышкы карызды жабуу жагынан Кыргызстан ЕАЭБдеги бардык өнөктөштөрүнөн алдыда. Орусияны кошпогондо, бул көрсөткүч 127,3% түзүп, бир жылдын ичинде 14,5 пайыздык пунктка көбөйгөн.