Кыргызстандын эл аралык резерви 2.2 млрд $ бааланууда

8 ноября 2019, 09:04

2019-жылдын акыркы 10 айында Кыргызстандын эл аралык ички резерви 2 млрд 294 млн 86 миңди түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет. 

КР Улуттук банкынын маалыматына ылайык, бир ай ичинде өлкөнүн резерви 9.13 млн $ өскөн. Акыркы беш жыл ичинде (2014-жылдан тарта) 2019-жылдын август айынан сырткары (эл аралык резерв 2 млрд  335 млн 79 миң долларды түзгөн) бул эң чоң  көрсөткүч. 

Жыл башынан бери резервдердин көлөмү 139.4 млн долларга  өскөн. 2018-жылдын октябрь айында – 186.11 млн долларды түзгөн.