Кыргызстандын эл аралык резерви 204,5 млн долларга кыскарды

15 марта 2023, 15:25

Кыргызстандын эл аралык дүң резерви 2023-жылдын февраль айынын аягында 2 миллиард 545 миллион 520 миң долларды түздү. Анын ичинен резервдердин ликвиддүү бөлүгү 2 миллиард 465 миллион 830 миң долларды түзөт. Мындай маалыматты жөнгө салуучу орган билдирди.

Кыргызстандын кору 2 миллиард 749 миллион 990 миң доллар деп бааланган бир айга салыштырмалуу 204 миллион 470 миң долларга, ликвиддүү бөлүгү 203 миллион 150 миң долларга азайган.

Быйыл февраль айында Улуттук банк үч жолу интервенция менен валюта рыногуна чыгып, жалпысынан 122 миллион 920 миң доллар сатканын кошумчалайбыз.