Кыргызстандын эл аралык резервдери 61 млн $ төмөндөдү

3 марта 2021, 10:22

Кыргызстандын эл аралык дүң резервдери 2021-жылдын январь айында 2 млрд 747.02 млн долларга бааланды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

 

2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу резерв 61.09 млн $ же 2.2% төмөндөдү. Ошол эле учурда жыл ичинде (2020-жылдын январь айынан 2021-жылдын январына чейин) 12.95% жогорулады. 

Кошумчалай кетсек, 2021-жылы регулятор улуттук валютанын курсун жакшыртуу үчүн 83.7 млн доллар жумшаган.