Эл аралык дүң камдар 6% га өстү

2 июня 2021, 14:30

Ушул жылдын апрель айынын аягында Кыргызстандын эл аралык дүң камдары 2 миллиард 675,58 миллион долларга бааланган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

Бир ай мурункуга салыштырмалуу, 2021-жылдын март айынан тартып алар 152,4 миллион долларга, же 6% га көбөйгөн. Ошол эле учурда, жыл башына салыштырмалуу эл аралык дүң камдар 71,4 миллион долларга азайган.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Улуттук банк алмашуу курсун текшилөө үчүн 270 миллион 450 миң доллар жумшаган.