«АБН» компаниясы облигациялар боюнча кирешелерди төлөдү

29 января 2024, 15:50

Микрофинансылык "АБН" компаниясы өз инвесторлоруна облигациялар боюнча кирешелерди төлөп берди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. 

Төлөм эки транш менен облигациялардын төртүнчү чыгарылышынын алкагында жүргүзүлдү. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 2 млн 250 миң сомду түзөт. 

Отчет берилген күнү инвесторлор келбегендиктен 1 млн 190 миң сом талап кылынбай калган. Пайыздарды төлөө “АБН” МФК ААКсында алдын ала пландалган күндөрү жүргүзүлөт.