ТИМдин Алтынчы саясий департаментине жаңы директор шайланды

21 января 2020, 09:08

Тышкы иштер министрликтин Алтынчы саясий департаменттин жаңы директору болуп, Өмүралиев Эрмек Социалович дайындалды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. 

 

«КР ТИМдин Алтынчы саясий департаменти – 2019-жылы, экономикалык дипломатияны  илгерилетүү максатында түзүлгөн. Инвестиция тартуу, атамекендик продукцияларды чет өлкөгө экспорттоо ж.б. туризмге байланышкан маселелерди башка ведомстволор менен биргеликте чечет.  Департаменттин курамы азыр толук эмес, жаңыдан түптөлүп келе жатат», —   деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан.  

 

Өмүралиев Э.С. Жакынкы Чыгыш Техникалык Университетинин экономикалык жана административдик илимдер факультетин (2000-ж, Анкара ш.) аяктаган. Буга чейин КР ТИМ түзүмүндө, анын ичинде, борбордук аппаратта жана КРнын Турциядагы Элчилигинде түрдүү кызмат орундарда эмгектенип келген (1995-жылдан тартып). 2015-2020-жж. аралыгында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жарандык авиация Агенттигинин Директору кызматында, ошондой эле бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө эмгектенген. Түрк жана англис тилдерин билет.