Он миңден ашык мамкызматкер бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

22 февраля 2022, 14:40

Бүгүн, 22-февралга карата 70 миң 891 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 61 миң 56 декларация электрондук түрдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Тапшыргандардын ичинен 19 миң 246 юридикалык жак, 29 миң 731 жеке ишкер, 7 872 жеке жак, 3 566 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 10 миң 476 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө отчет берүүлөрү керек.