Миграцияга Кыргызстанда катталган компаниялар менен гана кетүү керек

6 февраля 2024, 17:30

Эгер жумушчу Кыргызстанда катталбаган агенттик аркылуу ишке орношсо, кийин кандайдыр бир көйгөй жаралса өз укугун коргой албай калат. Бул тууралуу “Акчабарга” Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Жарандарды иш менен камсыз кылуу жана мигранттардын укугун коргоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Арслан Байсопуев билдирди. 

Миграцияга кетүүдө жаран компаниянын ишке орноштуруу боюнча лицензиясын сураш керек. 

“Агенттиктин кыргызстандыктарды чет өлкөгө ишке орноштуруу кызматын көрсөткөнгө уруксат кагазы болуш керек. Лицензиясы бар компаниялардын тизмелери биздин migrant.kg деген сайтыбызда бар. Ал эми чет өлкөлүк ишке орноштурган компаниялар биздин мыйзамга баш ийбейт”, - дейт Арлсан Байсопуев.