Мигранттар март айында Кыргызстанга 169,9 млн доллар которгон
Быйыл март айында мигранттар Кыргызстанга 169,9 млн. доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.
Былтыркы жылдын март айына салыштырмалуу акчанын агымы 10,7%га өскөн. Анда акча которуу системалары аркылуу өлкөгө 153,4 млн. сом келген.
Өлкөгө келген акчанын дээрлик 89,3%ы (151,7 млн доллар) Россиядан келген. Былтыркы жылдын март айына салыштырмалуу көрсөткүч 8,7%га өскөн. КМШнын башка өлкөлөрүнөн 4,9 млн. доллар которулган.