Мигранттар январь айында Кыргызстанга 259 млн доллар которду

14 марта 2024, 15:05

2024-жылдын январында Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 259 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын 244,6 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн, 14,6 млн доллары алыскы чет өлкөлөрдөн келген. 

Эң көп которуулар Орусиядан – 244,1 млн доллар, Казакстандан – 200 миң доллар, башка өлкөлөрдөн – 200 миң доллар келген.