Мигранттар Кыргызстанга 1 млрд 736,8 млн доллар жөнөтүшкөн

11 октября 2021, 09:06

 

Январдан августка чейин эмгек мигранттары мекенине 1 миллиард 736,8 миллион доллар жөнөтүшкөнүн Кыргызстандын Улуттук банкынан кабарлашты.

Анын ичинен 1 миллиард 692,8 миллион доллар же 97,4% мигранттар тарабынан Орусиядан  жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, августта өлкөгө акча которуулар 242,1 миллион долларды түзгөн, бул бир айга салыштырмалуу 0,24% га көп.