Михаил Михин ЦУМдун башкы директору кызматынан кетти
“ЦУМ-Айчүрөк” ААКнын аткаруу органынын курамында өзгөрүүлөр болду. Тактап айтканда, буга чейин башкы директорлук кызматты аркалап келген Михаил Михин кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Компаниянын директорлор кеңешинин 14-февралдагы чечими менен анын ордуна Кадырбек Калдарбеков дайындалды.